Түркиянын атаандашы Черногория
Мелдеш Подгорица шаарындагы стадиондо өтөт.
937555
Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасы, экинчи даярдык мелдешинде эртең атаандаштын таласында Черногория менен беттешет.
Подгорица шаарындагы стадиондо ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 20.10до башталат жана ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Мелдешти Сербиянын Футбол Федерациясынан Милорад Мажич башкарат. Мажичтин жардамчылары Милован Ристик менен Далибор Джурджевич болот.
Түрк командасы, жума күнү Ирландия менен Антальяда ойногон даярдык мелдешин 1-0 эсебинде жеңген болчу.