Италияда жылдызга айланган түрк футболчусу Женгиз Үндер

Фриули стадионунда болгон 25-аптанын ачылыш беттешүүсүндө лигада ортоңку катарларда турган Уденезе, алдыңкы орунга аракеттенген Римди тосуп алды.

912773
Италияда жылдызга айланган түрк футболчусу Женгиз Үндер

Италиянын 1-Футбол лигасынын (Serie A) 25-аптасында Рим, ыкчам оюнчусу Женгиз Үндер гол киргизген беттешүүдө атаандаш талаасында Удинезени 2-0 эсебинде утуп алды.

Фриули стадионунда болгон 25-аптанын ачылыш беттешүүсүндө лигада ортоңку катарларда турган Уденезе, алдыңкы орунга аракеттенген Римди тосуп алды.

Биринчи жарымы голсуз аяктаган беттешүүнүн экинчи жарымында чабуулун күчөткөн конок команда Римде 70 мүнөттө сахнага чыккан Женгиз Үндер, жаза аянтынын тышынан киргизген голу менен командасын 1-0 алга сүрөдү. Рим 90+1чи мүнөттө Диего Перотти менен атаандаш команданын дарбазасына дагы бир топ киргизип, 2-0 менен жеңди.

Беттешүүгө 11 мүнөттө кирген улуттук футболчу 88 мүнөттө ордун Грегуар Дефрелге калтырды.

Бул жыйынтык менен Рим 50 баллга жетип, оюн ашыкчасы менен үчүнчү орунга жогоруласа, Уденезе 33 балл менен онунчу орунда калды.

Римдин клубу оюндан кийин расмий Твиттер барагынан командага 3 балл алып берген гол киргизген Женгиз Үндер менен Пероттиге ырахматын айтты. Түркиянын улуттук футболчусунун фотосүрөттөрү менен өзүнчө бөлүшүүсүн да кылган Италиянын өкүлү, «Женгиз Үндер токтотула албайт» деген сүйлөмдү жазды.

Женгиз Үндер акыркы убактагы ийгиликтери менен Римдин Уденезе менен беттеше электе чыгарган китепчесинин тышкы бетинде орун алган. 20 жаштагы улуттук футболчунун фотосүрөтүнүн астына «Mamma Il Turco» (Апаке түрктөр!) деген лакапка орун берилген.

Римдин Геллас Веронаны 1-0 менен жеңген 23-аптадагы беттешүүсүндө командасынын жалгыз голун киргизген капталдагы оюнчусу Женгиз Үндер, 5-2 менен жеңишке жетишилген өткөн аптадагы Беневенто менен болгон беттешүүдө 2 гол жана 1 гол пасы менен жалдызга айланган.



Тектеш кабарлар