Фенербахче Догуш Испаниядан жеңиш менен кайтты

Фенербахче Догуш түрк аба жолдорунун Европа лигасынын 17 -  жумасында атаандашынын талаасында Испаниянын командасы Валенсияны 80 – 67  упайга жеңип алды.

887163
Фенербахче Догуш Испаниядан жеңиш менен кайтты

 

Фенербахче Догуш түрк аба жолдорунун Европа лигасынын 17 -  жумасында атаандашынын талаасында Испаниянын командасы Валенсияны 80 – 67  упайга жеңип алды.

Фенербахче Догуш лигада 11 -  жеңишине жетишти. Валенсия Баскет болсо 12 -  жолу жеңилди. Бир тараптан Испаниянын алдыңкы журналдарынан «Gigantes del Basket» тарабынан жыл сайын берилген баскетбол сыйлыктары Валенисияда өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды.

Фенербахче клубунан берилген маалыматка караганда акыркы түрк аба жолдору Европа лигасынын чемпиону Фенербахче Догуш баскетбол командасынын башкы тренери Зелько Обрадович «Баскетболдун легендасы», Маурицио Герардини «Ийгиликтүү менеджер», Ян Везели  да «Көңүлдөрдү бурган мыкты баскетболчу» деген сыйлыкка татыктуу болду.

L'Alqueria del баскетбол залынын жетекчилигинде өткөрүлгөн аземде  Обрадович жанан Герардиниге сыйлыктары тапшырылды. Жаракатынан улам  Испанияга бара албаган Везелинин сыйлыгын Герардини алды. Анын тышында аземде чех баскетболчунун ыраазычылык билдирген видеосу жарыяланды.



Тектеш кабарлар