Коньяда Кудус хореографиясы...

Супер лиганын 17-жумасында болгон Атикер Коньяспор-Фенербахче беттешүүсүнүн алдындагы хореография...

874815
Коньяда Кудус хореографиясы...

Супер лиганын 17-жумасында болгон Атикер Коньяспор-Фенербахче беттешүүсүнөн мурда үй ээси командасынын күйөрмандары, Кудус үчүн 3 өлчөмдүү хореографияны ишке ашырышты.

Конья шаарынын мэриялык стадионунда ойнолгон оюндун алдында Атикер Коньяспордун күйөрмандары, чыгыш дарбазасынын аркасындагы трибунада Акса мечитинин 3 өлчөмдүү видеосу орун алган жана үстүндө «Кудус жаңы Селахаддиндерди күтөт» деген жазуусу бар хореографияны жасашты.

Күйөрмандардын хореографиясында, Акса мечити, Кудусту багындырган Салахаддин Эйүби менен Палестинанын туруштугунун символуна айланган Ханзаланын колундагы Палестина жана Түркия желегине орун берилди.

Хореография убагында трибуналардан «Кудус биздики, биздики бойдон калат» деген ураандар чакырылды.

Изариль аскерлери тарабынан камакка алынып эркин кое берилген жана психологиялык колдоо көрсөтүлүшү үчүн Түркияга алып келинген даун синдрому менен ооруган палестиналык Мухаммед эт-Тавил жана үй-бүлөсү да оюнду көрдү.

Коньяспор клубу тарабынан ардактуу конок катары оюнга чакырылган Мухаммед эт-Тавил жана үй-бүлөсү беттешүүнү ложада отуруп көрүштү.



Тектеш кабарлар