Түркиялык мушкер кыздар чейрек финалда

Индияда өтүп жаткан чемпионаттын экинчи күнүндө 3 түрк спортчу мелдешке чыкты

852486
Түркиялык мушкер кыздар чейрек финалда

Жаш кыздар арасында бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта 69 килограмм салмакта Жансел Олту жана 75 килогарммда Селма Каракоюн чейрек финалга жолдомо алышты.

Индиянын Гувахати шаарында өтүп жаткан чемпионаттын экинчи күнүндө 3 түрк спортчу мелдешке чыкты.

69 килограмм салмакта Жансел Олту австралиялык мушкер Тяварна Кэмпбеллди 5-0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жогорулады.

75 килогамм салмакта Селма Каракоюн болсо Венгриядан Габриэлла Петровичти 3-2 эсебинде жеңип атын чейрек финалга жаздырды.

57 килогаммда күч сынаган Хаванур Эн да украиналык атаандашы Ольга Вознякты 5-0 эсебинде жеңип кийинки турга чыкты.

Жаш кыздар арасында бокс боюнча дүйнөлүк чемпионат 26-ноябрь жекшемби күнү өткөрүлө турган финал мелдештери менен аяктайт.



Тектеш кабарлар