Бурсада күрөш боюнча чемпионат өттү

Чемпионатка Түркия менен катар Болгария, Румыния, Македония, Босния-Герцеговина, Украина, Сербия, Албания жана Грециядан 160 спортчу катышты

836677
Бурсада күрөш боюнча чемпионат өттү

Бурсанын Изник районунда аяктаган 3-Эл аралык жаштар Балкан күрөш чемпионатында Түркия эркектер арасында эркин жана грек-рим стилдеринде чемпиондукка жетишти.

Иш-чарага Түркия менен катар Болгария, Румыния, Македония, Босния-Герцеговина, Украина, Сербия, Албания жана Грециядан 160 спортчу катышты.

Эркектер арасында эркин стилде Түркия биринчи, Румыния экинчи жана Болгария үчүнчү болду.

Түркия грек-рим стилинде да биринчи орунду ээлесе, Болгария экинчиликти, Румыния болсо үчүнчүлүктү алды.

Кыздар арасында Румыния чемпион болсо, Түркия экинчи орунду ээледи.

 



Тектеш кабарлар