Дүйнөлүк кайтбординг лигасы

Чемпионатка 19 өлкөдөн 40 спортчу катышууда

818587
Дүйнөлүк кайтбординг лигасы

Белгилүү сёрферлер Мугланын тынч шаарына суктанышууда.

Эл аралык Cittaslow биримдигинин башкы катчылыгы тарабынан 2010-жылы «Тынч шаар» деп жарыяланган Мугланын Ула районуна караштуу Акйака кыштагындагы Акчапынар жээги, дүйнөгө таанымал кайтбординг спортчуларынын кызыгуусун тартты.

«Amarok дүйнөлүк кубок Акйака» деген аталышта 5-8-октябрь күндөрүнүн аралыгында өтө турган дүйнөлүк кайтбординг лигасынын Түркия этабынан мурда Акчапынарга келген спортчулар аймакта күн бою желдеп турган шамалда машыгышты. Спортчулардын арасынан мурда эки жолу дүйнө чемпиону болгон Бруна Каджия Акйакадагы мелдешке катышып жатканы үчүн абдан кубанычта экенин айтты.

Көп сандаган киши да спортчулардын суу бетиндеги акробатикалык кыймылдарын кызыгуу менен көрүштү. Чемпионатка 19 өлкөдөн 40 спортчу катышууда.



Тектеш кабарлар