Фенербахче менен Штурм Грац беттешет
Футболдук мелдеш Стамбулда өткөрүлөт
782793
![Фенербахче менен Штурм Грац беттешет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9363/0711/f6b8/5982c67fc030f.jpg?time=1719019147)
Түркиянын Фенербахче командасы, УЕФА Европа лигасынын үчүнчү тандоо турунун экинчи мелдешинде бүгүн кечинде Стамбулда Австриянын өкүлү Штурм Грац менен беттешет.
Атаандаштын талаасындагы биринчи оюнду 2-1 эсебинде жеңип чоң мүмкүнчүлүккө ээ болгон Фенербахче, Кадыкөйдө УЕФА Европа лигасынын плей-офф туруна жолдомо алууну максаттап жатат.
Стамбулдагы «Үлкер» стадионунда саат 20.30да баштала турган беттешүүнү Англиянын футбол федерациясынан Роберт Мэдли башкарат.