Фенербахче Баскетбол командасы Европа чемпиону

Фенербахченин эркектер баскетбол командасы, Түрк аба жолдорунун (THY) Европа Лигасынын төрттүк финалында Грециянын өкүлү Олимпиакосту утуп алды.

736512
Фенербахче Баскетбол командасы Европа чемпиону

Фенербахченин эркектер баскетбол командасы, Түрк аба жолдорунун (THY)  Европа Лигасынын төрттүк финалында Грециянын өкүлү Олимпиакосту 80-64 упай эсебинде утуп алып 2016-2017 сезонунун чемпиону болду.

Стамбулдагы «Синан Эрдем» атындагы спорт залда өткөн финал беттешүүсүндө Фенербахче, түрк баскетбол тарыхына катталды. Башынан аягына чейин үстөмдүгүн көрсөткөн оюнда Фенербахче, өзгөчө чийин тышынан топ салууларда таасирдүү болду.  Фенербахче оюндун биринчи жарымын 39-34 упай эсебинде бүтүрдү.

Фенербахче экинчи жарымда да таасирдүү оюнун улантты. Чийин тышынан топ салуулар менен катар оюнчу Удах кальцонун астында чоң үстөмдүк курду. Ошентип сары-көк түстүү команда атаандашынан 16 упай айырма менен 80-64 эсебинде чыгып Европанын эң мыктысы экенин көрсөтө алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым, Түрк аба жолдорунун (THY)  Европа Лигасынын чемпиону болгонунан улам Фенербахче Баскетбол командасын куттукташты.

Президент жана премьер-министр, Фенербахче спорт клубунун төрагасы Азиз Йылдырымга бирден телеграф жөнөтүп, куттуктоолорун билдиришти.

Жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч да финалды VIP трибунасынан көрдү.

Министр Кылыч менен бирге VIP трибинасында Түркия Баскетбол федерациясынын төрагасы Хидает Түркоглу орун алды. Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да  VIP трибунасынан оюнду көргөндөрдүн арасында эле.



Тектеш кабарлар