Каратэ боюнча чемпионат өтүп жатат
Улуттук спортчу Энес Эркан финалда
726068
![Каратэ боюнча чемпионат өтүп жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3902/c776/3518/590b15e2b9f0d.jpg?time=1719028352)
Каратэ боюнча 52-Европа чемпионатында улуттук спортчу Энес Эркан финалга чыкты.
Түркиянын Измит шаарындагы «Шехит Полис Режеп Топалоглу» спорт залында уюшурулган чемпионаттын биринчи күнүндө, эркектер арасында кумитэ ыкмасында 84 килограмм салмакта мелдешкен Энес Эркан, жарым финалда венгер атаандашы Дэниел Молнарды 2-0 эсебинде жеңип алып финалга чыкты.
Европа чемпиондугу үчүн 6-май ишемби күнү таймаша турган Энес, финалда италиялык Симоне Марино менен мелдешет.