Бешикташ УЕФА Европа лигасында атын акыркы 16га жаздырды
Стамбулда өткөн матчтын 17 - минутасында Абубакардын киргизген голу менен Бешикташ 1 – 0 алдыга өттү
Бешикташ УЕФА Европа лигасынын акыркы 32 турунда атаандаштын талаасындагы 3 – 1дик жеңиштин реваншында Израилдин командасы Хапоэль Беэр-Шеваны 2 – 1ге жеңип чемпиондукка атын жаздырды.
Стамбулда өткөн матчтын 17 - минутасында Абубакардын киргизген голу менен Бешикташ 1 – 0 алдыга өттү. Бешикташ беттешүүнүн биринчи жарымын 1 – 0 алдыда аяктады. Хапоэль Беэр-Шева 64 - минутада Нвакаеменин голу менен 1 – 1ге барабар болуп, 87 – минутада Женк Тосундун киргизген голу менен 2 – 1ге алдыга чыкты. Мачтын башка минуталарында башка гол киргизилбестен, Бешикташ аянттан 2 – 1 жеңиш менен чыкты. Бул жыйынтык менен кара – ак команда УЕФА Европа лигасында тур аттап атын акыркы 16 турга жаздырды. Ак – каралуу команда Фенербахче жана Османлыспордун оюндан эленүүсү менен Европада жолун уланткан бир гана түрк команда болду.