Түркия спортундагы оор жоготуу

Илхан Жавжав мээсине кан тамганы анализи коюлуп жаткырылган ооруканада 81 жашында каза болду.

656844
Түркия спортундагы оор жоготуу

Генчлербирлиги клубунун төрагасы Илхан Жавжав дарыланып жаткан ооруканада көз жумду.

Илхан Жавжав мээсине кан тамганы анализи коюлуп жаткырылган ооруканада 81 жашында каза болду.

Жавжав эки күн мурда тең салмактуулугун жоготуп кулаган жана колу менен башын катуу уруп алган. Анкарадагы бир оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган ардактуу төрага, аппарат менен жашатылып жаткан эле.

Кечээ эртең менен абалы оорлошкон Жавжадын жүрөгү токтогону жана бардык аракет жумшалса дагы куткарыла албаганы белгилүү болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, маркум Илхан Жавжавдын уулу Мурат Жавжавга телефон аркылуу көңүл айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым дагы Жавжавдын каза болгонунан улам: «Үлгүлүү жашоо күрөшүн жүргүзгөн, зээндүүлүгү менен спорт  жана иш дүйнөбүзгө унутулгус кызматтары болгон жакшы адам Илхан Жавжавдын жаткан жери  жайлуу, топурагы торкоо болсун»,-деди.

Генчлербирлиги клубунун төрагасы Илхан Жавжавдын көз жумганынын себебинен Спор Тото супер лигасында кечээ ойнолушу керек болгон Газиантеп-Генчлербирлиги беттешүүсү кийинкиге жылдырылды.



Тектеш кабарлар