Фенербахче УЕФА Европа лигасынан ийгиликтүү чыкты

Команданын голун 22 -  минутада Мусса Соу киргизди

627081
Фенербахче УЕФА Европа лигасынан ийгиликтүү чыкты

Фенербахче группадагы акыркы матчында Нидерландиянын командасы Фейенордду Роттердамда 1 – 0гө жеңди.

Команданын голун 22 -  минутада Мусса Соу киргизди. Команда бул жыйынтык менен атын Манчестер Юнайтеддын алдында жаздырды.

Сары – көктөр жеңиш менен бирге баллын 13кө жогорулатып Фейенорд 7 балл менен Европа кубогу менен коштошту. Тарыхында биринчи жолу Европа кубокторуна катышкан Османлыспор да абдан чоң ийгиликке жетишти.

Акыркы матчында Швейцариянын өкүлү Цюрихти  үйүндө 2 – 0гө жеңген Башкент командасы группасында лидер болуп акыркы 32 турга калды. Коньяспор болсо Европа лигасы менен коштошту. Группадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон жашыл ак команда акыркы матчында Бельгиянын Гент командасына өз үйүндө жеңилди.



Тектеш кабарлар