Түркиянын муз үстүндөгү бийчилеринин ийгилиги

Алпер Учар- Алиса Агафонова жубу, жалпы эсепте 59,98 баллга жетишип сезондун эң мыкты ийгилигин көрсөтө алышты.

595276
Түркиянын муз үстүндөгү бийчилеринин ийгилиги

АКШнын Чикаго шаарында өткөрүлгөн Progressive Skate Amerika Senior Grand Prix 2016 жарыштарында Түркияны өкүлдүк кылган муз үстүндө бийлөө боюнча олимпиадалык спортчулардан Алпер Учар жана Алиса Агафонова жубу, алгачкы категория болгон кыска бийде 7-орунду ээледи.

Sears Centre аренада болгон уюштуруунун экинчи күнүндө кыска бий категориясында Алпер Учар- Алиса Агафонова жубу, жалпы эсепте 59,98 баллга жетишип сезондун эң мыкты ийгилигин көрсөтө алышты.

Ошол эле категорияда биринчиликти 73,04 балл менен АКШдан Мая Шибутани-Алекс Шибутани түгөйлөрү, экинчиликти 68,92 балл менен Орусиядан Эктатерина Боброва-Дмитрий Соловев, үчүнчүлүктү болсо 68,78 балл менен АКШдан Мадисон Хубел –Зачари Донху жуптары алышты.

Бул мелдеште жакшы ийгиликке жетишүү өздөрү үчүн абдан маанилүү экенин айткан Агафонова, алган жыйынтык кубандыруучу экенин маалымдады.

Алпер Учар да Америка гран присинде Түркияны алгач ирет өкүлдүк кылгандарын билдирди.

Алпер Учар-Алиса Агафонова жубу мелдештин акыркы күнүндө узун бийлөө категориясында жарышат.



Тектеш кабарлар