Европадагы түрк футболчулар гол киргизүүлөрүн улантууда

Европанын алдыңкы лигаларында топ ойногон түрк футболчулардан Энес Үнал, Юнус Маллы, Хакан Чалханоглу жана Месут Өзилдин ийгиликтери...

591518
Европадагы түрк футболчулар гол киргизүүлөрүн улантууда
Yunus Mallı.jpg
Mesut Özil.jpg
Hakan Çalhanoğlu.jpg

Европанын алдыңкы лигаларында топ ойногон түрк футболчулардан Энес Үнал, Юнус Маллы, Хакан Чалханоглу жана Месут Өзил бул аптадагы голдору менен көздүн жоосун алды.

Англиянын клубу Манчестер Ситинин Нидерландиянын командасы Твентиге ижарага берген оюнчусу Энес Үнал, ийгиликтүү форма графигин 9-аптада да улантты.

Твентинин талаасында PEC Zwolle менен 2-2 тең болуп чыккан беттешүүдө бир гол киргизген 19 жаштагы чабуулчу, 7 беттешүүдө 7 гол киргизип эң көп гол киргизгендер тизмесинде алдыңкы орунду алдырган жок.

Германиянын Биринчи футбол лигасында Майнз-05 формасын кийген Юнус Маллы жана Байер Леверкузенде ойногон Хакан Чалханоглу бул аптада да гол киргизишти.

Майнз-05 өз талаасында ойногон Дармстадт-98ди 2-1 эсебинде уткан оюнда, Юнус Маллы жаза тебүүсүнөн гол киргизди.

Байер Леверкузендин Вердер Бремендин талаасындагы 2-1 менен бүткөн оюнунда Вердер Бремендин жалгыз голун Хакан Чалханоглу киргизди.

Англиянын Премьер лигасында Арсеналдын формасын кийген түрк тектүү германиялык футболчусу Месут Өзил,  Swansea Cityни  3-2 эсебинде уткан 8-жумадагы беттешүүсүндө командасынын акыркы голун киргизди.

Бул сезондогу 7-беттешүүсүндө 3-голун киргизген Месут, лидер Манчестер Сити баллын жоготкон аптада 19 баллга ээ болгон командасын алдыңкы катарга чыгарды.



Тектеш кабарлар