Германияда жуманын футболчусу Хакан Чалханоглу

Хакан Чалханоглу 6 -  жуманын эң жакшы футболчусу болуп тандалды

582708
Германияда жуманын футболчусу Хакан Чалханоглу

Германия 1 – футболдук лигасында жуманын футболчусу Байерде форма кийген улуттук оюнчу Хакан Чалханоглу болду. Bundesliga.comдун интернет сайтында жүргүзүлгөн сурамжылоодо добуштардын 44 пайызын алган Хакан Чалханоглу 6 -  жуманын эң жакшы футболчусу болуп тандалды.

Байер конок кылган Боруссия Дортмундду 2 – 0го жеңип алган 22 жаштагы оюнчу жогорку оюнчулугу менен команданын жеңишинде маанилүү роль алган.

Хакан Чалханоглу Хоффенхаймда форма кийген Керем Демирбай менен Бундеслигада жуманын эң жакшы 11де да орун алды.



Тектеш кабарлар