Түркия ФИФАнын тандоолорундагы алгачкы сыноосунан тең чыкты
Атаандаш талаасындагы беттешүүдө Түркия менен Хорватия 1-1ден гол киргизди.
Түркиянын А Улуттук курама командасы, 2018-жылы өтүүчү Дүйнөлүк кубоктун Европа тандоолорунун «İ» тобундагы алгачкы оюнун атаандаш талаасында Хорватия менен 1-1 болуп тең бүтүрдү.
Борбор шаар Загребдеги «Максимир» стадионунда өткөрүлгөн оюнда Хорватия 44-мүнөттө Ракитичтин жаза тебүүдөн киргизген голу менен 1-0 алдыга өттү.
«А» улуттук курама команданын бул голго 45+3 мүнөттө Хакан Чалханоглунун эркин тебүүдөн киргизген голу менен жооп берди. Ошентип Түркия өз тайпасындагы эң күчтүү команда деп билинген Хорватия менен беттешүүсүнөн 1-1 болуп тең чыкты.
Беттешүүнүн польшалык калысы Шимон Марчиняк таймаштын акырында 6 мүнөттүк кошумча убакыт берди. Марчиняктын бул чечимине Түркиянын футбол машыктыруучусу Фатих Терим жана улуттук оюнчулар каршы чыгышты.
Беттешүүнүн экинчи жарымындагы оюндарда көп тыныгуу болбогону үчүн калыстын бул чечими таң калтырды.