Сонер Демирташ коло медалга жетишти

2016 Олимпиада оюндарынын күрөш тармагында Түркиянын атынан катышкан Сонер Демирташ коло медалга жетишти

555780
Сонер Демирташ коло медалга жетишти

2016 Олимпиада оюндарынын күрөш тармагында эркектерде эркин күрөш стилинде 74 килограммда Түркиянын атынан катышкан Сонер Демирташ коло медалга жетишти. Бразилиянын  Рио де Жанейро шаарындагы Кариока аренада өткөн 74 килограмм жарыштарында улуттук күрөшчү Сонер Демирташ менен казак Галымжан  Уссербаев коло медаль үчүн аянтка чыкты. Уссербаевди  3 – 0гө  жеңген Сонер Демирташ коло медалга жетишти.

Биринчи турду матчка катышпастан өткөн Сонер Демирташ экинчи турда беттешкен монголиялык атаандашы Унурбат Пуревжавды 3 – 1ге жеңгенине карабастан чейрек финалда ирандык Хассан Алиазам Язданичаратиге 3 – 0гө жеңилген. Андан кийин гаитилик  атаандашын 4 -0гө жеңип коло медаль матчына чыгуу укугуна ээ болду. Улуттук спортчу андан мурда Европа чемпиондуктарында бир алтын, бир күмүш жана коло медаль алган болчу.



Тектеш кабарлар