Түркиянын алагачкы расмий гольф аянты Самсунда ачылууда

Дүйнө жүзүндө 61 миллион адам гольф ойнойт

527658
Түркиянын алагачкы расмий гольф аянты Самсунда ачылууда
samsun ilk resmi golf sahası 3.jpg
samsun ilk resmi golf sahası 2.jpg

Түркиянын алагачкы расмий гольф аянты Самсунда ачылууда.

Самсун мэриясы тарабынан биринчи жолу деңиз толтурулуп жасалган гольф аянтынын курулушу аяктап калды.

370 гектардык жерге курулган аянттын 250 гектары гольф, 120 гектары болсо пейзаж жана эс алуу жери болот. Аянтта 3 жасалма көл дагы бар.

Самсунду табигый жана тарыхый туризм менен катар спорттун да борбору кылууну каалаганын айткан шаар башчысы Юсуф Зия Йылмаз: «Бул спортту канчалык байлардын спорту деп эсептесек дагы, бул бир маданият болуп саналат. Бир шаарда гольф спортунун болушу шаардын баалуулугун жогорулатат»,-деди.

Йылмаз дүйнө жүзүндө 61 миллион адамдын гольф ойногондугун жана булардын 27 миллионунун гольф спорту максатында саякат кылганына көңүл буруп: «Америка экономикасынын 1.64 пайызы, б.а 196 миллиард доллардык гольф индустириясынан турат, Испания 5 миллиард евро, Түркия болсо 100-150 миллион евро гольф индустриясынан пайда табууда. Самсун гольф спорту максатында саякат кылган 27 миллион туристтен эмне үчүн үлүш албасын»,-деп айтты.


Этикеткалар: #гольф аянты , #Самсунда

Тектеш кабарлар