Европанын жаа атуу боюнча чемпионаты Англияда башталды

Буга Түркиянын 12 спортчусу катышууда.

496361
Европанын жаа атуу боюнча чемпионаты Англияда башталды

Европанын жаа атуу боюнча чемпионаты бүгүн дүйшөмбү күнү Англияда башталууда.  Ноттингем шаарында болуп жаткан чемпионатта Түркия, олимпиадалык жана чыгырыктуу жаа атуу номинациясында 12 спортчу менен жарышат. Олимпиадалык жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын спортчулары, чемпиондук жарыштары менен катар 27-майда боло тургуан 2016 Рио олимпиадаларына жолдомо алуу үчүн болуп жаткан таймашта, жеке кишилик квотасын ала алыш үчүн жарышат. Чемпиондук 29-май жекшемби күнү аяктайт.

Чемпионатта Түркияны өкүлдүк кыла турган спортчулар төмөнкүлөр:

Олимпиадалык жаа эркектерде

Мете Газоз, Фатих Бозлар, Ягыз Йылмаз

Олимпиадалык жаа айымдарда

Ясемин Эжем Анагөз, Айбүке Актуна, Гүлназ Бүшранур Жошкун

Чыгырыктуу жаа эркектерде

Демир Элмаагачлы, Эмре Чөмез, Самет Жан Якалы

Чыгырыктуу жаа айымдарда

Йешим Бостан, Эврим Саглам жана Айше Бера Сүзер



Тектеш кабарлар