Неймар: «Мен түркмүн»
Бразилиялык футболчу, баш калкалоочуларга колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган акцияда «Мен түркмүн»,- деди.
444749
Барселонанын жылдыз футболчусу Неймар да Силва Сантос Жуниор, баш калкалоочуларга колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулган акцияда «Мен түркмүн»,- деди.
Бразилиялык футболчу «I'm Migrant» (Мен мигрантмын) аттуу акциянын каарманы болду.
Неймар: «Мен бразилиялыкмын, мен түркмүн, мен испаниялыкмын. Мен баш калкалоочумун. Ар бир үй-бүлөнүн көчүү тарыхы бар. Ал эми, сиздинчи?» деген сөздөрдү айтты.
Акция өзгөчө коомдук маалымат каражаттарында кыска убакыттын ичинде чоң аудиторияга жетти.