Фенербахче Локомотив Москва менен беттешти

УЕФА Европа Лигасында акыркы 16 команданын арасына кирген Фенербахченин атаандашы бүгүн белгилүү болот.

439896
Фенербахче Локомотив Москва менен беттешти

Москвадан жеңиш менен кайтып келген Түркиянын Фенербахче командасы Европадагы таймашын улантат.

Фенербахче, УЕФА Европа лигасынын акыркы 32-тур оюндарынын реваншында Орусиянын Локомотив Москва командасы менен 1-1 эсебинде теңме-тең ойноду.

Стамбулдагы биринчи мелдешин 2-0 эсебинде жеңген Фенербахче командасы ушул жыйынтык менен атын акыркы 16-тур оюндарына жаздырды.

УЕФА Европа Лигасында акыркы 16 команданын арасына кирген Фенербахченин атаандашы бүгүн Швейцариянын Ньон шаарында саат 14.00тө өткөрүлө турган чүчүкулак тартууда белгилүү болот.

Акыркы 16-тур оюндарынын биринчиси 10-мартта, реванштары болсо 17-мартта болот. Чейрек финалдары 7-апрель жана 14-апрель, жарым финалдары 28-апрель жана 5-майда өтө турган УЕФА Европа Лигасынын финал мелдеши болсо 18-майда Швейцариянын Базель шаарындагы Санкт-Якоб Паркта ойнолот.



Тектеш кабарлар