Фенербахчеден чоң жеңиш
Фенербахче кечээ Локомотив Москва менен беттешти.
434106
Түркиянын Фенербахче командасы УЕФА Европа лигасынын 32-тур оюндарынын биринчи мелдешинде Локомотив Москваны 2-0 эсебинде утуп алды.
Фенербахче Орусиянын Локомотив Москва командасы менен кечээ Стамбулдагы «Үлкер» стадионунда беттешти.
Түрк командасы атаандашын 18чи жана 72чи мүнөттөрдө бразилиялык спортчу Йозеф де Соузанын голдору менен 2-0 эсебинде жеңип чыкты.
Бул таймаштын реванш оюндары болсо 25-февраль бейшемби күнү атаандаштын талаасында ойнолот.