Американын Баскетбол лигасы оюндарын улантууда

(NBA) All-Star жуманын акырындагы уюштуруусунун алгачкы күнүндө АКШнын курамасы дүйнө курамасын 157-154 упай эсебинде утуп алды.

432464
Американын Баскетбол лигасы оюндарын улантууда

Американын Баскетбол лигасы (NBA) All-Star жуманын акырындагы уюштуруусунун алгачкы күнүндө АКШнын курамасы дүйнө курамасын 157-154 упай эсебинде утуп алды.

Быйыл алгач ирет АКШнын территориясынын тышына чыгып, Канаданын Торонто шаарында өткөн 65-уюштурууда, «Жогорулаган жылдыздар» таймашында АКШ менен дүйнө курамасы көзүрлөрүн бөлүштү.

NBAде биринчи жана экинчи жылдарын өткөргөн оюнчулардан турган АКШ менен дүйнө курамасынын беттешүүсүнөн кийин жеңген тарап АКШ курамасы болду.

АКШ курамасында Миннесота Тмберволвестин оюн куруучусу Лавайн 30 упай, 7 топ кайтаруу жана 4 топ өткөрүү ийгилигин көрсөтүп, оюндун эң баалуу оюнчусу (MVP) сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Нью-Йорк Кникстин Латвиялык оюнчусу Кристапс Порзингис жана Денвер Наггетстен конголук Эммануэль Мудиай болсо дүйнөлүк курамада 30дан упай топтошту.

Эң мыкты оюнчу сыйлыгын жеңип алып смач жарышында да атаандаштарына кыр көрсөткөн Лавайн, оюндан кийинки маегинде да толкунданып турганын жана жакшы ийгиликтерге жетишүү үчүн даяр болгонун айтты.

NBAде экинчи сезонун өткөргөн Лавайн, өткөн жылдагы смач жарышында да экинчиликти алган.

NBA All-Star жуманын акырындагы оюндары 3 упай, смач жана жөндөмдүүлүк жарыштары менен уланат. MVP сыйлыгынын добуш берүү менен тандала турган Чыгыш жана Батыш конференцияларындагы эң мыкты оюнчулары беттешкен 65-All-Star оюну болсо 15-февралда Түркия убактысы боюнча саат 3:30да болот.



Тектеш кабарлар