Фенербахче менен Галатасарайдын атаандаштары белгилүү болду

Түрк командалары биринчи мелдештерин Стамбулда өткөрүшөт.

409035
Фенербахче менен Галатасарайдын атаандаштары белгилүү болду

УЕФА Европа Лигасындагы акыркы 32-тур оюндарында мелдеше турган түрк командалары Фенербахче менен Галатасарайдын атаандаштары бүгүн белгилүү болду.
Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын борборунда өткөрүлгөн чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча Фенербахче орус командасы Локомотив Москва менен, ал эми Галатасарай болсо Италиянын Лацио командасы менен беттешет.
Фенербахче өз талаасында ойной турган биринчи мелдеш 16-февраль шейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 19.00да башталат. Галатасарай болсо биринчи мелдешин Стамбулда 18-февраль бейшемби күнү өткөрөт.
УЕФА Европа лигасындагы акыркы 32-тур реванш мелдештери 25-февраль бейшемби күнү ойнолот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар