Триатлон боюнча дүйнөлүк кубок өтүп жатат

Спорттук иш-чара Антальяда башталды.

355187
Триатлон боюнча дүйнөлүк кубок өтүп жатат

Триатлон боюнча дүйнөлүк кубок өтүп жатат.
Антальянын Анамур районунда башталган иш-чарага 42 өлкөдөн 600 спортчу катышууда.
ITU жана Түркия триатлон федерациясы Алания муниципалитетинин колдоосу менен уюштурган триатлон боюнча дүйнөлүк кубок-2015 Галип Дере пляжында өтүп жатат.
Жаш курактары категориясындагы жарышты 59 спортчу, 1 миң 500 метр сууда сүзүү, 40 километр весипед жана 10 километр чуркоо этабы менен аяктайт.
Триатлон боюнча дүйнөлүк кубок жаш айымдар категориясы менен уланат. Мелдеште 15 спортчу 750 метр сууда сүзүү, 20 километр велосипед жана 5 километр чуркоо этаптарын биринчи бүтүрүүгө аракет кылышат.
Ал эми акыркы мелдеш болсо мыкты айымдардын арасында өтөт. 1 миң 500 метр сууда сүзүү, 40 километр велосипед жана 10 километр чуркоо этаптарынан турган мелдеште 59 спортчу күч сынашат.
Иш-чара эртең спринт жарышы, жаш эрекек жана мыкты эркек мелдештери менен аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар