Элиф Жале Йешилырмак дүйнө үчүнчүсү болду

Түркиялык спортчу мелдешти 3-2 эсебинде жеңди жана коло медалга ээ болду.

377940
Элиф Жале Йешилырмак дүйнө үчүнчүсү болду


АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөрүлгөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта аялдар арасында 58 килограмм салмакта Элиф Жале Йешилырмак дүйнө үчүнчүсү болду.
Йешилырмак үчүнчүлүк-бешинчилик мелдештеринде колумбиялык күрөшчү Жаклин Рентерия Кастильо менен күч сынады. Улуттук спортчу таймашты 3-2 эсебинде жеңди жана коло медалга ээ болду.
Йешилырмак үчүнчүлүк-бешинчилик мелдештерине чыгып ошол эле учурда олимпиадалык оюндарга катышууга да жолдомо алды.
Түркиялык күрөшчү Элиф Жале ушундайча улуттук форма менен дүйнөлүк чемпионаттагы экинчи медалын алган болду.
Йешилырмак өткөн жылы Өзбекстанда өткөрүлгөн чемпиондукта 58 килограмм салмак категориясында коло медалга ээ болуп, дүйнөлүк чемпионаттарда медалга жетишкен биринчи түрк айым күрөшчү болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар