Түрк командасы чейрек финалда

Түрк командасы тайпасында лидер болду.

313069
Түрк командасы чейрек финалда

Айымдар арасында баскетбол боюнча Европа чемпионатынын 2-турдагы акыркы мелдешинде Түркия Чех Республикасын жеңип алып чейрек финалга «Е» тайпасынын лидери катары чыкты.
Экинчи турдагы биринчи таймашында Черногорияны 61-41 упай эсебинде жеңген, экинчи оюнда болсо Францияны 66-56 эсебинде утуп алып чейрек финалга чыгууну гарантиялаган түрк командасы Чех Республикасын 59-48 эсебинде жеңип тайпасында лидер болду.
Түркия чемпиондуктун форматы боюнча «F» тайпасын төртүнчү бүтүргөн команда менен мелдешет. Түркиянын атаандашы бүгүн ойноло турган оюндардан кийин белгилүү болот. Турнирдеги чейрек финалдар 24-июнда башталат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар