Бокста Бусеназ Сүрменели дүйнө чемпиону болду

Тайвандагы таймашта кытайлык атаандашы Лу Жангды жеңип алган Сүрменели дүйнө чемпиону болду.

286839
Бокста Бусеназ Сүрменели дүйнө чемпиону болду

Дүйнөлүк бокс биримдиги тарабынан уюштурулган жана Тайвандын Тайбэй шаарында 45 өлкөдөн бардыгы 446 спортчунун катышуусунда өткөн Жылдыз жана жаш кыздар арасында дүйнөлүк бокс чемпиондугун түрк спортчу Бүсеназ Серменели жеңип алды.

Түркияны 75 кг салмакта жаштар категориясында өкүлдүк кылган Сүрменели кытайлык атаандашы Жангды жеңип алып алтын медалдын ээси болду.

Чемпиондукта Бүсеназ Сүрменели менен катар жаштар 46 кг салмакта Бейза Сарачоглу күмүш, жылдыздар 50 кг салмакта Айтен Гүментор, 70 кг салмакта Элиф Сыла Гүндүз, 75 кг салмакта Семра Каракоюн жана 80ден жогорку салмакта Нур Хилал Кандемир коло медалдын ээлери болушту.

Түркия ушундайча чемпиондукту 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль менен бардыгы 6 медаль алып 45 өлкөнүн арасынан 4-орунга чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар