U20 волейбол;Түркия дүйнөлүк кубокко катышуу үчүн таймашат
Түркия Сербияны жеңип алса, дүйнөлүк кубокко катышууга жолдомо алат.
278458
Сербиянын Рума шаарында өтүп жаткан FIVB-2015 (Эл аралык Волейбол федерациясы) U20 аялдар арасында дүйнө чемпиондугунун Европа тандоолорунда Түркиянын курама командасы бүгүн орчундуу оюн ойногону турат.
Бул мелдештерди катары менен Чех Республикасы жана Францияны жеңип баштаган жана 6 балл менен өз тайпасында биринчи орунда турган Түркия, үчүнчү оюнун Сербия менен бүгүн ойноп жатат...
Тайпадан биринчиликти алып чыккан команда Порто-Рикодо боло турган U20 аялдар арасында дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болот. Мелдеште Сербиянын командасы G тайпасында 2 оюндун бирөөнөн жеңилип Түркиядан кийинки орунда турат.