УЕФАдан түрк калыска кызмат
УЕФА түрк калыс Али Палабыйыкты футболдук мелдештерди башкарууга милдеттендирди.
273652
УЕФА ФИФАнын калыстарынан Али Палабыйыкты 21-26-мартта Орусияда 17 жашка чейинки спортчулар арасында өтүүчү мелдештерди башкарууга милдеттендирди.
Палабыйык алгач Австрия-Уэльс беттешүүсүн башкарат. Краснодар шаарындагы «FC Krasnodar Academy» стадионунда дүйшөмбү күнү Түркия убактысы боюнча саат 12:00де баштала турган таймашта Февзи Демирхан да жардамчы калыс катары кызмат кылат.
Палабыйык менен Демирхан бейшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 16:00да баштала турган Орусия-Австрия мелдешин да башкарат.