Түркиядагы футбол кубогунун календары белгилүү болду

Зираат (Айыл-чарба) кубогунун чейрек финалы жана жарым финалынын атаандаштары белгилүү болду.

222669
Түркиядагы футбол кубогунун календары белгилүү болду

Түркиядагы кубокто ким ким менен ойной турганы белгилүү болду.
Футболдо Зираат (Айыл-чарба) кубогунун чейрек финалы жана жарым финалынын атаандаштары белгилүү болду.
Чүчүкулак тартууга акыркы 16 турдагы оюндардын акырында атаандаштарын утуп алып чейрек финалга жогорулаган Фенербаче, Галатасарай, Медикана Сивасcпор жана Бурсаспор сериянын башы болуп катышты.
Чейрек финалдын чүчүкулактан чыккан жыйынтыгы төмөнкүчө:
Галатасарай-Манисаспор
Кайсериспор-Медикана Сивасспор
Бурсаспор-Генчлербирлиги
Мерсин Идманйурду-Фенербахче
Жарым финал чучукулак жыйынтыгы да белгилүү болду.
Галатасарай-Манисаспор беттешүүсүнүн жеңгени Кайсериспор-Медикана Сивасспор беттешүүсүнүн жеңгени менен жарым финалда беттешет. Калган жарым финал болсо Бурсаспор-Генчлербирлиги менен Мерсин Идманйурду-Фенербахче беттешүүсүнүн жеңгендеринин ортосунда болот.
Жуп оюн беттешүүсү ыкмасына жараша ойноло турган чейрек финал беттешүүлөрү 3,4,5-мартта жана 7,8,9-апрелде ойнолот. Жарым финал беттешүүлөрү болсо 28,29,30-апрель жана 19,20,21-майда ойнолот.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар