Шыңгырактуу топ менен футбол ойнолду

Дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүндө өткөрүлгөн мелдеш.

137854
Шыңгырактуу топ менен футбол ойнолду

3-декабрь Дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүндө Атактуулар курама командасы менен Көзү көрбөгөндөрдөн турган улуттук курама команда Стамбулда беттешти.
Театр оюнчулары, искусство чеберлери жана журналисттерден турган Атактуулар командасы, Көзү көрбөгөндөрдөн турган команда менен күч сынашты.
«Түшүнүш чүн көз жумабыз» урааны менен ойногон атактуулар көздөрүнө тасма байлап ойношту. Оюнда шыңгырактуу топ колдонулду.
Мүмкұнчүлүгү чектелгендердин кыйынчылыктарына көңүл буруу үчүн уюштурулган мелдешти Көзү көрбөгөндөрдөн турган команда 4-3 эсебинде утуп алды.
Оюндан кийин бардык катышуучуларга Малтепе муниципалитети тарабынан плакет тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар