А улуттук курама футболдук командасы сынактан өтө алган жок
Исландия 6 балл менен биринчи, ошол эле баллды алган Чех республикасы экинчи, Нидерландия үчүнчү, Казакстан төртүнчү жана Латвия бешинчи орунду алды
А улуттук курама футболдук командасы 2016 Европа чемпиондугунун тандоолору А группасындагы экинчи матчында Чех республикасына 2 – 1ге жеңилди. Фенербахче Шүкрү Саражоглу стадионунда ойнолгон матчта Түрк улуттук курама командасы 8 – минутада Умут Булуттун киргизген голу менен 1 – 0 алдыга чыкты. Бул голлдон кийин Чех республикасы 15 – минутада Сивок жана 58 – минутада Доккал голь киргизип 2 – 1 эсебинде жеңиш менен чыкты. Бул жыйынтык менен Түркия группасында баллга жетише албаган команда болду. Курама команда группадагы үчүнчү матчында 13 – октябрь дүйшөмбү күнү атаандаштын талаасында Латвия менен беттешет. Топто башка матчтарда болсо Нидерландия үйүндө Казакстанды 3 – 1ге жеңсе, Латвия аянтында Исландияга 3 – 0гө жеңилди. Бул жыйынтыктар менен Исландия 6 балл менен группадагы лидерлигин улантты. Ошол эле баллды алган Чех республикасы экинчи, Нидерландия үчүнчү, Казакстан төртүнчү жана Латвия бешинчи орунду алды. Акыркы орунда болсо балл ала албаган курама команда алды.