Түрк улуттук курама командасынын ийгилиги
Футболдук таймашта түрк командасы Исландияны жеңди.
150746
19 жашка чейинки жаш уландардын арасында футбол боюнча Европа чемпионатынын тандоо оюндарында улуттук курама командасы Исландияны 7-3 эсебинде утуп алды.
Түркия менен катар Хорватия, Исландия жана Эстония орун алган үчүнчү тайпадагы мелдештер Хорватияда өткөрүлдү.
Дугополье шаарындагы «Хрватски Витезови» стадионундагы таймашта түрк командасы Исландияны 7-3 эсебинде утуп алды. Футболдук таймашта 4 гол киргизген Энес Үналдын ай жылдыздуу формасы менен жалпы 21 гол киргизгени билдирилди.
Түркиянын улуттук курама командасы тайпасындагы экинчи оюнун 9-октябрь бейшемби күнү Градски стадионунда Эстония менен ойнойт.