Түркиянын футбол командасы Ирландияны утту

Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы даярдык оюнунда Ирландияны атаандаш талаасында 2-1 эсебинде утуп алды.

74097
Түркиянын футбол командасы Ирландияны утту

Өткөн күндөрдө Косовону алардын талаасында 6-1 эсебинде утуп койгон «А» улуттук курама команда, экинчи даярдык оюнунда Дублин Авива стадионунда Ирландия Республикасы менен беттешти.
Франциянын футбол федерациясынан Радди Бюгет башкарган оюнда Түркия Ахмет Илхан Өзектин киргизген голу менен 1-0 эсебинде алдыга өттү. Тарык Чамдал 76-мүнөттө айырманы экиге чыгарды. 78-мүнөттө Уольтерс гол киргизип эсеп 2-1 болду. Оюн ошол бойдон аяктады.
Европадагы оюндарын бүтүргөн курама команда, АКШнын Вашингтон шаарына аттанат жана ал өлкөдөгү биринчи оюнун 30-майда Гондурас менен ойнойт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар