Анткени - 3 .2024

Театрга барамын

2090021
Анткени - 3 .2024

                Урматтуу радио угармандар, бүгүн тарыхы  3000 жылга барган бир искусство тармагы -  театр тууралуу сөз кылабыз. Өткөн убакытка кино, телекөрсөтүү, социалдык медиа сыяктуу элементтердин жайылганына карабастан театр турмушубузда дагы деле жашап келе жатат.

 «Театрга барам анткени» дегенден кийин тизмелей турган нерселер кишиден кишиге өзгөрөт. Биз буларды жалпы бир алакактын ичинде сунуштоого аракет кылабыз. Театр оболу түрдүү маданияттарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ар кандай мезгилдерде жана географияларда коюлган оюндар көрүүчүлөргө түрдүү маданияттарды таануу жана түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Өзгөчө оюндардын темалары жаш көрүүчүлөр үчүн кызыгуунун каалгаларын ачат.

Көрүү, угуу жана эмоционалдык элементтерди айкалыштырган театр көрүүчүлөргө бир гана ошол учурда, ошол жерде болгон бир окуяны чагылдырат. Азыркы күндө барган сайын жайылып бара жаткан үйдө жалгыз кино же сериал көрүүдөн айырмаланып сахнада театр көрүү адамдарды чогултуп жана коомчулук сезимин бекемдеген иш  - чара. Театр көрүп жатып ал эмоцияны бөлүшкөн адамдардын арасында байланыш түзүлөт. Бул да адабият чыгармаларын окуп жатып же кино көрүп жатканда каармандарга болгон боорукердикти эле эмес андан дагы көп нерсени үйрөтөт.

Театр сахнасынын жасалгасынан костьюмдарга, текстинен оюнчулук техникаларына чейин бир топ жаратуучу элементти камтыйт. Оюнду көрүп жатып бул элементтердин жаратуу процессин  кааласа да каалабаса да байкаган көрүүчүлөрдүн айланасына болгон көз карашы оң багытта өзгөрөт. Эстетикалык аң  - сезимдин  жогорулашы кишинин кылган ишиндеги өзгөчөлүктү арттыруучу таасирге ээ.

Искусстводо анткенинин болбой тургандыгын, искусствонун максатынын бир гана өзү экендигин айткан ойчулдар болсо да театрга баруунун пайдаларын эч ким тана албайт.



Тектеш кабарлар