Медицинанын символу жылан

Анткени - 20.2024

2138300
Медицинанын символу жылан

       Сүйүктүү окурмандар,  программабыздын бүгүнкү чыгарылышында жамааттык адам акылынан жаралган жана бүгүн да дүйнөлүк өлчөмдө  колдонулган бир символдон сөз кылабыз. Азыркы күндө көпчүлүк учурда коркуу жараткан жыландын кантип шыпаа каражаты болгон медицина илиминин символу болгону боюнча токтолобуз.

Адамзат тууралуу табылгалар билинген алгачкы адам коомчулуктарынан тарта жаныбар фигураларынын турмушубузда экендигин ортого салууда 45 миң жыл мурункуга катталган, аныкталган алгачкы сүрөттөрдөн бери жаныбарлар балким да адам маданиятынын негизин түзүүдө.  Ачылышы менен отурукташкан тарых түшүнүгүн өзгөрткөн, күнүбүздөн  12 миң жыл мурда курулган Гөбеклитепеден билинген бардык мифологияларга жаныбарлар табият турмушун бөлүшүү жана символдук түшүндүрүү үчүн адам баласы кайрылган эң негизги булак.  

Мифологиялардын табият окуялары менен өзгөчө жырткыч жана уулуу жаныбарлар берген коркуу, адамдын кыял күчүнүн биригүүсү менен пайда болгондугун айта турган болсок апырткан болбойбуз. Келип чыгышы белгисиз болгон окуялардын түшүндүрүлүшүндө табияттан тышкаркы күчтөрдү колдонуу адамзаттын адашкан жолдорунун бири. Бул күчтөрдүн түшүндүрүлүшүндө тарыхтан мурдагы доорлордон бери жаныбарлардын колдонулгандыгын билебиз. Мифологиялык каармандар жана символдор азыркы күндө эң белгилүү формасы менен планета аттарында алдыбызга чыкса да негизинен күнүмдүк турмушубузда көп кездешкен бир фигура бар. Бул  -  бардык ооруканаларда көргөн жыландын сүрөтү тартылган медициналык символ.

Учурда Лувр музейинде турган Шумер падышасы Гудеа Биринчинин таш рельефинде ичимдик ичүүчү бокалда бири-бирине оролгон эки жылан ден соолуктун кудайы Нингизиданы билдиргендиги ойлонулууда. Байыркы грек жана рим мифологиясында жылан медицинанын кудайы деп эсептелген Асклепиостун белгиси. Бейтаптарды  айыктырган Асклепиос  жылан оролгон таяк менен сүрөттөлгөн. Мындан тышкары, байыркы Месопотамия жана Египет маданияттарында жыландар айыктыруу жана шыпаа менен байланышкан кудай символдору катары алдыбызга чыгат. Жыландын терисин алмаштырып жаңылануусу да оорулардан айыгуу менен  жаңыланууну билдирген метафора катары көптөгөн байыркы тексттерде орун алган.

 Жыландын күтүүсүз кыймылдары жана өлүмгө алып келген уусу жараткан коркуу анын урмат  - сыйга ээ, ал түгүл андан шыпаа күтүлгөн абалга жогорулаткнадыгын ойлоо жаңылыш болбойт. Байыркы адамдардын мындай кыймылы азыркы күндө биздин турмушубузда башка формада. Жыландын уусу бүгүн дары индустриясында колдонулган химиялык зат. Сөзүбүздүн акырында  «фармакон» деген сөздүн байыркы грек тилинен которгондо уулуу жана дары деген  мааниси бар экенин да белгилей кетели. Ушундайча  таякчага оролгон эки жыландын 1959 - жылы Дүйнөлүк Медицина Ассоциациясы тарабынан медицинанын символу катары кабыл алынгандыгын айтуу менен программабызды аяктайбыз саламатта болуңуздар.



Тектеш кабарлар