Карс казынын эти

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-65

2072819
Карс казынын эти

КАРС КАЗЫНЫН ЭТИ

Катталган күнү: 03.10.2023

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы тарыхый Карс шаары Түркиянын каз этин өндүрүүнүн борбору болуп эсептелет. Карстын Соода жана өнөр жай палатасынын 2023-жылдагы кайрылуусунун негизинде «Карс казынын эти» Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн катарына кирди. Каз эти, Карстын айыл жерлеринде октябрь айында семиртилген каздарды ноябрь айында союп, эттери бүтүн түрдө суусу сарыктырылып туздалгандан кийин ачык асман алдында 5-10 күн кургатуу жолу менен өндүрүлөт. Карста каздар жабык сарайларда багылбайт. Органикалык заттарга бай Карс айылын жайыт катары пайдалануу каз чарбасы үчүн чоң мааниге ээ. Топурактагы минералдар 1600 түрдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнө, өсүмдүктөрдөн да жайыттарда багылган каздарга өтүп, Карс казынын этинде фосфор, темир, кальций жана калийдин көп болушун камсыз кылат. Каздар октябрь айында атайын семиртилет. Бул семиртүү мезгилинде арпа колдонулат. Октябрдан баштап аба ырайынын салкындашы жана каздарды арпа менен тоюттандыруу каздын этиндеги майлуулукту, белокту жана каныккан майды көбөйтөт. Ноябрь айында союлган каздардын салмагы болжол менен 4-5 килограмм болушу керек. Каз этинин ичи кочкул кызыл түстө, туздуу жана курч жыты бар. Этти ачык асманга илип кургатып, туздоонун натыйжасында анын нымдуулугу азаят. Ошондуктан Карс казынын эти кайнаганда оңой бөлүнүп, жумшак болот. Өзгөчө Карс казынын этинен жана сорпосунан жасалган күрүч тамагы бүтүндөй Түркияда татыктуу кадыр-баркка ээ.



Тектеш кабарлар