Билежик Османели айва локуму
Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-28

Билежик Османели айва локуму
Катталган күнү: 23.02.2021
Түркиянын Мармара аймагындагы Билежик шаарынын Османели районунун атынан коюлган «Османели айва локуму», Билежик Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2021-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Локумду өндүрүү үчүн жыл сайын ноябрь жана декабрь айларында аймактагы бактардан терилген айвалар эт туурагычта майдаланып, 75 градуста 7 мүнөт бышырылат. Ал арада өзүнчө идишке крахмал, андан соң шекер, ичүүчү суу, лимон кислотасы кошулуп, тынымсыз аралаштыруу менен бул аралашма 2 саат кайнатылат. Аралашмага мурда даярдалган айва боткосу кошулуп, кайнатуу процесси 2 саатка жакын улантылат. Бышыруу процесси аяктаган жана килкилдеп калган локум патноско куюлгандан кийин бөлмө температурасында 8 саат муздаганга калтырылат. Муздаган локум мрамор столдорго алынып, бетине кокос себеленип, кесүүгө даярдалат. Локумдар атайын кесүүчү кайчы менен кубик түрүндө кесилип, кайрадан кокоско оонатылат. Османели айва локуму 15-16 градус цельсийде жана нымсыз чөйрөдө 6 ай сакталат. Османели айва локуму оозго салганда айванын түзүлүшү жана күчтүү жытынан улам локумдун ичинде жемиш кесимдери бардай сезилет.