Хаккаринин кырис тамагы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-15

1918495
Хаккаринин кырис тамагы

Хаккаринин кырис тамагы

Катталган күнү: 19.12.2017

Түркиянын Иран жана Ирак чек арасы кесилишкен аймакта жайгашкан Хаккари шаарына таандык «Кырис тамагы» өзгөчө мавлид, той же көңүл айтуу сыяктуу көп киши катышкан иш-чаралар үчүн даярдалган эттүү тамак болуп саналат. 2017-жылы Хаккаринин ашпозчулар жана кондитерлер коомунун кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Кырис тамагы» абдан байыркы тарыхка ээ. Тамак сөөктүү эт, фарш, булгур, күрүч, нокот, пияз жана томат менен даярдалат. Анын эң негизги өзгөчөлүгү таттуу жана түрдүү даамды берген мейиз жана жаңгактын кошулушу менен болот. Бул тамакты жасоодо майсыз эттен котлет даярдалгандан кийин күрүч, нокот, мейиз, жаңгак, сөөктүү эт, сумах өз-өзүнчө казандарда бышырылат. Чоң казанда пияз жана томат куурулуп, мурда бышырылган күрүч, нокот, мейиз, жаңгак менен тоголок котлеттер кошулат. Тамак акырын аралаштырылып, жылуу суу менен туз кошулган соң жай отто 45 мүнөт кайнатылат. Ал арада бышырылган сумах дандары кайнап жаткан тамакка кошулат жана аралашма дагы 5 мүнөт бышырылат. Хаккаринин Кырис тамагы конокторго лаваш наны, пияз жана айран менен бирге ысык берилет.



Тектеш кабарлар