Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1211411
Тарыхта бүгүн

1431 -  жылы 30 -  майда Жанна д'Арк сыйкырчылык кылды деген айыптоо менен  соттолду жана өрттөлдү.

 

*** 1453 -  жылы 30 -  майда бүгүн Стамбул университети деп аталган университет Фатих Султан Мехметтин Стамбулду багындыргандын эртеси күнү курулду.

 

*** 1778 -  жылы 30 -  майда Француз төңкөрүшү жана Айдыңдашуу кыймылына чоң салым кошкон француз жазуучу жана философ Вольтер каза болду.

 

*** 1913 -  жылы 30 -  майда Болгария королдугу, Сербия королдугу, Греция королдугу жана Черногория королдугунан турган Балкан Биримдигинин Осмон мамлекетине каршы киришкен согушу болгон 1 -  Балкан согушу аяктады.

 

*** 1941 -  жылы 30 -  майда 2 -  Дүйнөлүк согушунда Германия Критти басып алды.

 

*** 1992 -  жылы 30 -  майда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сербиянын Босниядагы кол салууларды токтотуу максатында эмбаргону ишке ашырды.



Тектеш кабарлар