Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1870 - жылы 26 - апрелде Осмон мамлекетинде кыздар үчүн башталгыч жана орто мектептеринде билим берүү үчүн Дарүлмуаллимат тактап айтканда кыз мугалимдер мектеби ачылды.
*** 1936 - жылы 26 – апрелде түрк адабиятынын биринчи реалдуу романдарынын бири болуу өзгөчөлүгү менен адабият тарыхында чоң мааниге ээ болгон «Сергүзешт» аттуу романдын жазуучусу Самипашазаде Сезаи каза болду.
*** 1966 - жылы 26 - апрелде Ташкентте болгон 8 баллдык жер титирөө 36 миңден ашуун имараттын кулашына жана 300 миң кишинин үйсүз калышына себеп болду.
*** 1986 - жылы 26 - апрелде Украинанын Чернобль шаарындагы атомдук реактордо бир тажрыйба жүргүзүү учурунда жарылуу болду. Ортого чыккан радиоактивдүү булуттардан 7 миллион киши зыян тартты.
*** 1999 – жылы 26 - апрель күнү Чернобль апаатынын жылдыгында хакерлер компьютерлерди жапты. Чернобль вирусу 300 миң компьютерге таасирин тийгизип, вирустун фирмаларга болгон чыгымы 100 миллиард доллар болду.