Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1842 - жылы 30 - мартта доктор Кроуфорд Лонг бир окуучусунун мойнундагы кистаны алуу үчүн жасаган операцияда оорулууну эфир менен уктатып медицина тарыхында биринчи жолу анестезия колдонду.
*** 1856 – жылы 30 - мартта Орусия империясы, Осмон империясы, Бириккен Королдук жана Франциянын ортосунда Париж келишимине кол коюлду. Бул келишим менен Крым согушу акырына чыкты.
*** 1863 - жылы 30 - март күнү ата - энеси жок балдарды акысыз окутууну максат кылган Түркияда билим берүү тармагында биринчи жарандык коом мекемеси болгон Дарүшшафака курулду.
*** 1867 - жылы 30 - март күнү АКШнын аянты эң чоң, калкынын саны эң аз болгон Аляска АКШнын тышкы иштер министри Уилиям Х. Севард тарабынан Орусия империясынан 7, 2 миллион долларга сатып алды.
*** 1918 - жылы 30 - мартта Баку жана жакындарына Баку советтик жана армян төңкөрүшчүл федерациясы күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталды. «Март окуялары» деп аталган кагылышууларда көп сандаган жаран кырылды.
*** Түрк акын - жазуучу жана юрсит Митхат Жемал Кунтай 1956 - жылы 30 - мартта каза болду.