Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1155203
Тарыхта бүгүн

 

*** 93 согушу деп да билинген 1877 – 1878 – жылдагы Осмон  - Орусия согушу Осмон империясынын жеңилиши менен аяктады. Осмон мамлекетинин тынчты түзүүнү каалашы менен 1878 -  жылы 3 -  мартта Стамбулдун Йешикөй районунда Аястефанос келишимине кол коюлду. Абдан оор шарттарды камтыган бул келишим боюнча Румыния,  Сербия көз карандысыздыгына жетишип, Болгария автономиялуулугун жарыялады.

Согуштук ордун толтуруу катары Карс, Ардахан, Батум жана Чыгыш Беязыт орустарга берилди. Армяндарга да бир топ өзгөчөлүктөрдү берген бул келишим Орусиянын аймакта күчүн арттырды. Бул абал Европанын тынчын алды. Кипрдин башкаруусун англистерге берүүнү кабыл алган Осмон мамлекети Европанын колдоосу менен Берлин Келишими деген ат менен жаңы бир келишимге кол койду. Ушундайча  Аястефанос келишими жараксыз болду.

*** 1924 -  жылы 3 -  март күнү жаңы курулган Түркия республикасында улантылган заманбапташуу иштеринин негизинде Тевхид  -  и Тедрисат мыйзамы кабыл алынды. Бул мыйзам менен түрк билим берүү системасында  бүтүндүк түзүлдү. Бардык мектептер билим берүү министрлигине караштуу болуп, өлкөдө азчылыктар менен чет элдик мектептердин диний жана саясий максатта билим берүүсүнө тыюу салынды. Бул мыйзам менен бир топ диний мекемелер жабылып, алардын ордуна Дин иштери башкармалыгы жана Имам Хатип мектептери ачылды.

*** 1980 -  жылы 3 -  мартта мурунку Хатай президенти Тайфур Сөкмен Стамбулда каза тапты. Тайфур Сөкмен Осмон мамлекетинин 1 -  Дүйнөлүк согушунан кийинки жеңилишинен кийин Искендерүн санжагынын француздар тарабынан басылып алынышы менен биринчи каршы чыгуу кыймылын байкоого алгандардын арасында эле. 1938 -  жылы курулган Хатай мамлекетинин 1939 -  жылы өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында Түркияга кошулушуна чейин президенттик кызматты аткарды.

*** 2013 -  жылы 3 -  мартта арабеск жана түрк элдик музыкасынын өнөрпозу Мүслим Гүрсес дүйнөдөн кайтты. «Мүслим баба» деп да билинген Мүслим Гүрсес 12 жашында эле  элдер эс алуучу жерлерде ырдап өнөрпоздугун баштаган.  Көп убакыт кайгылуу ырларды аткарган Мүслим Гүрсести оболу белгилүү гана бир бөлүк уккан болсо андан кийин өзүнө таандык стили менен поп ырларын да аткара баштады. Ушундайча Түркия жактыруу менен уккан ырчы болду. Бир топ кинодо да роль ойногон Мүслим Гүрсес токтоолугу, акылман сөздөрү менен да кызыгууларды тарткан жана кээ бир университеттерде ал тууралуу диссертациялар да жазылган.



Тектеш кабарлар