Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1155195
Тарыхта бүгүн

 

*** 1882 -  жылы  англистердин Египетти колго алышы менен Суэц каналынын текшерүүсүнүн англистерге өтүшү Европада тынчсыздануу жараткан. Басып алынганга чейин канал бардык мамлекеттер тарабынан колдонулган. Европанын тынчсыздануусун жок кылуу максатында тийиштүү мамлекеттер 1888 -  жылы 2 -  мартта Стамбулда өткөн бир конгрессте жолугушуп, маселени чечүү жолун издешти. Конгресстин акырында Суэц каналынан бардык өлкөлөрдүн өтүүсүн бекиткен долбоор текст тууралуу тараптар келишим түздү. Келишим түрдүү тоскоолдуктардын жок кылынышынан кийин 1888 – жылы 29 -  октябрда ишке кирди.

*** Фантастикалык кино Кинг Конг 1933 -  жылы 2 -  мартта биринчи жолу Нью – Йоркто көрсөтүлдү. Андан кийин бир канча жолу түрдүү көз караштар менен тартылган кино ; Инд океанындагы Skull башкача айтканда (баш сөөгү) аралында адамдардан алыста жашаган чоң горилланын цивилизация менен беттешиши, махабат жана согуш менен таанышуусуна берген жооптору кишилер тарабынан түрдүү түшүнүлүшүн тема кылып алган.

*** Түркия улуттук олимпиада комитетинин курулушуна жол башчылык кылып Түркиянын олимпиадаларга катышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн машыктыруучу, спорт башкаруучусу жана саясатчы Селим Сырры Таржан жүрөк оорусунан  1957 -  жылы 2 – мартта дүйнөдөн кайтты.

Селим Сырры Таржан Галатасарай лицейин бүтүргөндөн кийин инженердик билимин алды. Андан кийин Швеция Королдук Аскердик машыктыруу жана гимнастика академиясын бүтүрдү. Швецияда жергиликтүү маданияттарды коомго алып келүүнү иликтеп  абдан таасирленди. Өлкөгө кайтканда фольклордук иштерин баштады. Эгей аймагынын зейбегин Стамбул калкына алып келди. Бирге алып келген Швеция музыка ноталарынан бир ырды марш абалына алып келди жана азыркы күндө да абдан чоң кубанычтуулук менен аткарылган Жаштык маршынын жаратуучусу болду.

Селим Сырры Таржан өмүрү боюнча 58 китеп, 2500 макала жана көпчүлүгү спорт тууралуу 1520 конференция өткөрүп рекордго жетти.

*** 1990 -  жылы 2 -  мартта түштүк африкалык активист Нелсон Мандела Африка Улуттук Конргессинин төрагалыгына шайланды. 1999 – жылга чейин бул кызматты аткарган  Мандела 1994 -  жылы биринчи жолу бардык эл катышкан шайлоодо Түштүк Африканын мамлекет башчысы болуп шайланды. Мандела өмүрү боюнча бөлүүчүлүк, нацистик, жакырдык жана теңсиздик менен күрөштү жана 1993 -  жылы Де Клерк менен бирдикте Нобель тынчтык сыйлыгын алды.



Тектеш кабарлар