Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1155182
Тарыхта бүгүн

 

*** 1872жылы 1- мартта дүйнөнүн биринчи улуттук паркы болгон  “Йеллоустон улуттук паркы» ачылды. АКШнын Айдахо, Монтана жана Вайоминг аймактарындагы улуттук парк  9000 метр квадраттык аянтка ээ. Өзгөчө ичиндегеи ири гейзерлери менен таанылат. Дүйнөдөгү ысык суу булактарынын жарымы ушул жерде.

Йеллоустондо 300дөн ашуун гейзер, 290дон ашуун ири жана кичине шаркыратма бар. Паркта ошол эле учурда сүт эмүүчүлөр, куштар, балыктар жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн жүздөгөн түрү бар.

*** 1978 -  жылы 1 -  мартта Чарли Чаплиндин сөөгү Швейцариядагы мазардан уурдалды. 1977 -  жылы 25 -  декабрда каза болгон Чарли Чаплин жараткан «Шарло» образы менен бүткүл дүйнөдө таанылды. Сөөгү бир швейцариялык  кичинекей топ тарабынан кун үчүн уурдалды. Уурулар максаттарына жетпестен кармалышты. Чаплиндин сөөгү болсо 11 жумадан кийин Женева көлүндө суунун астынан чыгарылып кайрадан мазарына коюлду.

***1983 -  жылы 1 -  мартта «Хаккариде бир мезгил» атту кино Берлин кино шаан  - шөкөтүндө 4 сыйлык алып, шаан  - шөкөттө  эң көп сыйлык алган бир канча кинонун бири катары кино тарыхына өттү. Жазуучу Ферит Эдгүндүн ошол эле ат менен аталган романынан тартылган кинодо Түркиянын түштүк – чыгыш аймагындагы Хаккари облусунун бир айылында жашаган жакыр кишилердин кышында жокчулук жана кыйын аба шарттары менен күрөшү баяндалган.

*** 2005 -  жылы 1 -  мартта «Түрктөр: бир империянын архитектору жана архитектор Синандын генийлиги» аттуу фотография көргөзмөсү Лондондо ачылды. Лондондун белгилүү  сүрөт галлереяларынын бирөөсү болгон Шаперодо ачылган көргөзмөдө Мимар (архитектор) Синандын чыгармалары, архитектор  -  фотографчы Ахмет Эртугдун 35 фотографиясы менен сүрөт сүйүүчүлөрдүн кызыгуусуна сунушталды. Көргөзмөнүн негизинде Ахмет Эртугдун коллекциясындагы осмондук мезгилине таандык байыркы китептер жана 10 даана акварель сүрөт да  өнөр сүйүүчүлөрүнө сунушталды. Эртуг көргөзмө менен Түркиянын маданий жана көркөм өнөр жактан да Европа Биримдигине чоң салым кошорун англис коомчулугунун көңүлүнө сунуштоону максат кылышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар