Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1152667
Тарыхта бүгүн

*** 1925 -  жылы  26 -  февралда “Тамеки режими жоюлду».

Крым согушу менен бирдикте кулай баштаган Осмон мамлекети карыздарын төлөй албай тургандыгын жарыялады. Ушул боюнча карыздарына карата чогулган салыктарды булагынан алуу үчүн чет элдик үч банк бир группа түздү. Режим деп аталган бул группа өлкөдө өндүрүлгөн тамекини өзү белгилеген баа менен ала баштады. Айылдыктар тарта турган тамекисин да бөлүп ала албай калган. Тамеки сыяктуу туз жана кофеден алынган салыктарды да бул группа чогулткан. Режимдин өз ичинде куралдуу топ түзүп өндүрүүчүгө кыйынчылык тарттыргандыгы ал түгүл 42 жылга созулган бул процесстин 20. 000ге жакын кишинин каза болушуна себеп болгондугу айтылууда.

Курулган жаш Түркия республикасы бул монополияны акырына чыгаруу үчүн оболу 1925 -  жылы 26 -  февралда «Тамеки режимин» жоюп,  артынан 1925 -  жылы 1 -  мартта сатып алды.

*** 1985 -  жылы 26 -  февралда түрк киносунун негизги актерлорунан болгон Тарык Акан 35 -  Берлин кино шаан  - шөкөтүндө  жюринин атайын сыйлыгын алды. Тарык Аканга бул сыйлыкты Зеки Өктен режиссеру болгон «Пехливан» аттуу кинодо аткарган ролунан улам берилди. Бирок 12 -  сентябрдагы козголоң окуяларында шектүү деп саналган Тарык Акан паспорт берилбегендиктен сыйлык алууга бара алган жок.

*** 1992 -  жылы 26 -  февралда Азербайжандын Хожалы шаарына кирген куралдуу армян топтор 613 Азербайжан түркүн кырды. Тарыхка «Хожалы кыргыны» деп өткөн бул окуя Азербайжанга караштуу Карабах автоном аймагынын Арменияга карашын каалаган армяндар менен буга каршы чыккан түрктөрдүн арасында улантылган «Карабах согушу» учурунда болду.

Адам укуктарын иликтөө уюму Хожалы кыргынын Тоолуу Карабахтын басылып алынышынан кийинки эң кандуу кыргын деп мүнөздөгөн. Кол салууда жалпы 613 азербайжандык каза болгон. Алардын ичинен 106сы аял, 83 балдар болгон.

*** 2004 -  жылы 22 -  февралда Македониянын мамлекет башчысы Борис Траяковский жана  коштоосундагы 8 кишини ташыган учактын Босния  - Герцеговинанын Мостар шаарынын жакындарында кырсыкка учурашы менен каза болду. Траяковскийдин ордуна 12 -  майда Бранко Срвенковский келди.

 



Тектеш кабарлар