Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1885 - жылы 21 - февралда Вашингтон эстелиги бүткөрүлдү. Вашингтон эстелиги 169, 35 метр узундугунда болуп дүйнөнүн эң бийик эстелиги. Вашингтон эстелиги АКШда жана шаардын эң негизги символдорунун бирөөсү. Өлкөнүн куруучусу Жорж Вашингтондун элесине курулган.
***1935 - жылы 21 - февралда француз миссионерлери иштеткен кээ бир мектептер мамлекеттештирилди.
*** 1952 - жылы 21 - февралда Түркия Түндүк Атлантика Келишими Уюмунун бир мүчөсү болду; Лиссабондо өткөн жыйынга биринчи жолу катышты.
*** 1953 - жылы 21 - февралда ДНКнын молекулалык түзүлүшү чечилди. Англис биолог Фрэнсис Крик менен Джеймс Д. Уотсон ДНК молекуласынын түзүлүшүн талдашты. Бул ийгилигинен улам 1962 - жылы Нобель физиология жана медицина сыйлыгын алышты.
*** 1958 - жылы 21 - февраль күнү Түркия профессионалдык футбол лигасы башталды: биринчи оюн Измирспор - Бейкоздун арасында ойнолду. Измирспор 2 – 1ге жеңишке жетишкен оюндун биринчи голун киргизген Измирспордун оюнчусу Өзжан Алтуг лига тарыхындагы биринчи голун киргизди.
*** 1965 - жылы 21 - февралда Америкада мусулман каралар кыймылынын лидерлеринен Мальколм Х деген ат менен билинген Малик Ел Шахбаз Нью - Йоркто бир балл залында сүйлөп жаткан учурда учураган кол салууда каза болду.
*** 2001 – жылы 21 - февралда Түркия коомчулугунда «Кара шаршемби» деп аталган абдан чоң экономикалык кризис чыкты.
*** 2007 - жылы 21 - февралда америкалык астрономдор биринчи жолу күн сыяктуу бир жылдыздын тегерегинде айланган планетанын атмосферанын компоненттерин анализдегендигин билдирди.