Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1149252
Тарыхта бүгүн

*** 1872 -  жылы 20 -  февралда дүйнөнүн эң чоң жана эң негизги музейлеринин бирөөсү болгон Metropolitan Museum of Art, New Yorkто ачылды.

*** 1914 -  жылы 20 -  февралда Стамбулда биринчи электрдүү трамвай каттамын баштады. Стамбулда 1869 -  жылы иштей баштаган аттуу трамвай ордун 1914 – жылы электр менен иштеген трамвайга калтырды.

*** 1970 -  жылы 20 -  февраль күнү Босфор көпүрөсүнүн пайдубалы Түркия республикасынын президенти Жевдет Сунай жана премьер  - министр Сүлейман Демирел тарабынан азем менен түптөлдү. Азия жана Европа континенттерин бириктирген көпүрө үч жылда бүткөрүлдү. Кара деңиз менен Мрамор деңизин бири бирине байланыштырган Стамбул кысыгынын үстүндө орун алган үч асма көпүрөнүн бирөөсү.

*** 1988 –жылы 20 -  февралда Тоолуу Карабах автоном аймагы Азербайжандан бөлүнүп, Арменияга кошулуу үчүн добушка сунат. Бул окуя Карабах согушунун чыгышына себеп болду.

 



Тектеш кабарлар